ЖҮК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮК – 1) түрмөктөлө бүктөлүп, төргө үстү-үстүнө жыйылган ала кийиз, алтыгат, жууркан, көл­дөлөң, төшөк, жаздыктар. Ж. жыюу мурда боз үйгө шартташкан.

Ж-түн алдына оймо-чиймелүү кооз такта төшөлүп, ага чачылуу «терме», «ка­жары» таар же кызыл, көк, жашыл сайма бар­кыт жабылып, тактанын үстүнө жагдан же сан­дык кырка коюлган. Алардын үстүнө Ж. жыйы­лып, жүк килеми жабылып, үстүнө куш жаз­дыктар коюлган. Айрым жерде балыш-жаздык­тар жыйналат. 2) Бир жерден экинчи жерге та­шыла турган буюм, таңылчак ж. б. нерселер.