ЖҮК ЖАБУУ
ЖҮК ЖАБУУ – жыйылган жүктүн үстүнө жабылуучу кооз кездеме. Көбүнчө жибектен жасалып, ар кайсы жери саймаланып, этеги (кээде чети) тордолуп, чачыланат. Ж. ж-нун саймаланбаган, тукаба, шайыдан жасалгандары да бар. Анын өлчөмү жүккө жараша болот.