ЖҮН ТАРАГЫЧ ЖАНА ТЫТКЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮН ТАРАГЫЧ ЖАНА ТЫТКЫЧ – жүндүн өтө кыска бөлүктөрүн ж-а андагы кошулган ар кан­дай башка заттарды бөлүп алууга арналган ма­шина. Бул машина чыкканга чейин жүн эки болот тарактын жардамы аркасында кол м-н таралган ж-а тытылган. Биринчи жүн та­рагыч машина 1827-ж. ойлонуп табылган. Жүн тытуу үчүн тытуучу 2 же 3 барабаны бар машина колдонулат. Мында жүндү тытуу, та­залоо ж-а тытылган жүндөн шоона чоюп, аны түрүү процесси аткарылат, к. Жип ийрүүчү ма­шина.