ЖҮРӨК
ЖҮРӨК – жаныбар ж-а адамдын жүрөк-кан тамыр системасынын борб. органы. Ж-түн булчуңдуу капталынын ыргактуу жыйрылышы организмдеги кандын үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылат. Бардык омурткалуу жаныбарлардын (балык, бака, кескелдирик, канаттуулар м-н адамга чейин) кан айлануу системасы негизинен окшош. Адамдын жүрөгү – 4 камерага (оң ж-а сол дүлөйчө, оң ж-а сол карынча) бөлүнгөн көңдөй булчуң органы. Омурткалуулардын ар кандай классына кирген жаныбарларда Ж. камераларынын саны бирдей эмес.

Балыктын Ж-ү бир дүлөйчөдөн ж-а бир карынчадан, жерде-сууда жашоочулардыкы эки дүлөйчө, бир карынчадан турат. Канаттуулар м-н сүт эмүүчүлөрдө эки дүлөйчө, эки карынча болот. Дүлөйчөнүн капталы карынчаныкына караганда жука. Оң дүлөйчөгө төмөнкү ж-а жогорку көңдөй веналар, сол дүлөйчөгө өпкө веналары куят. Карынчанын капталы булчуңдуу калың катмардан турат. Оң карынчадан өпкө артериясы, сол карынчадан толто чыгат. Ар бир дүлөйчө м-н карынчанын ортосундагы кош жапкактуу ж-а үч жапкактуу клапандар кандын дүлөйчөдөн карынчага агышын багыттайт. Дүлөйчөлөр жыйрылганда, кан агып, Ж-түн карынчаларына толот. Карынчалардын керегесиндеги булчуң жыйрылып, канды толто м-н өпкө артериясына сыгып чыгарат. Бул кан тамырлар майда артерияларга бөлүнүп, дененин бардык органдары м-н ткандарына жеткенде, көп капилляр торчолорун түзөт. Капиллярдын капталындагы эң майда жылчыктар аркылуу кан м-н ткандын ортосунда зат алмашуу жүрөт. Кан капиллярдан венага өтүп, веналар Ж. дүлөйчөлөрүнө куят. Адамдын жүрөгү 1 мүнөттө 55–70 жолу жыйрылып, 4,5–5 л канды айдап турат.