ЖҮРӨКТҮН ИШЕМИЯ ООРУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮРӨКТҮН ИШЕМИ́Я ООРУСУ – жүрөк-кан тамыр системасынын көп тараган оорусу; неги­зинен жүрөктүн таажы сымал артерияларынын атеросклерозунан улам жүрөк булчуңдарын кан м-н камсыз кылуу начарлаганда болот. «Ж. и. о.» түшүнүгүнө катуу кармаган оорулар (стенокар­дия, миокарддын инфаркты), о. эле башка өнөкөт оорулар кирет. Мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын атеросклерозунан улам болгондуктан, кардиосклероздун бул түрү атеросклероздук деп аталат. Ал айрым учурда жүрөк ишинин на­чарлашы ж-а согуу ыргагынын бузулушу м-н коштолот. Белгилери ар түрдүү, оору кээде күчөп, кээде басаңдайт. Ж. и. о. (стенокардия присту­бу), адатта оор күч келүүдөн кармайт, мындай абал көп жылга созулат да, кийин тынч абалда деле кармай берет. Оору кармаганда миокард­дын инфаркты пайда болуу коркунучу туулат. Ж. и. о-на тукум куума жакындык, аз кыймыл­доо, ашыкча тамактануу, семирүү, канда май заттарынын көбөйүшү, артериялык басымдын жогорулашы (к. Гипертония оорусу), углевод алмашуунун бузулушу себеп болот. Тамеки тарт­кандар көп ооруй тургандыгы далилденген: өтө чарчап-чаалыгуу, психикалык оорулар да орга­низмге күч келтирери белгилүү. Баарынан мур­да тамакты мүнөздөп ичүү, семирбөө, мал ма­йын ж-а жакшы сиңүүчү углеводдорду көп жебөө, ичкиликтен баш тартуу; тамакка өсүмдүк ма­йын ж-а С витамини м-н В тобундагы витамин­дерди көбүрөөк кошуу талапка ылайык. Булар­дын баары Ж. и. о-нун алдын алуу чаралары болуп эсептелет.