ЖҮРҮШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮРҮШ , а с к е р д и к (фр. marche – жүрүү, алдыга жүрүү) – 1) күжүрмөн тапшырманы ат­каруу үчүн белгилүү бир убакытта мерчемдүү аймакка келүү максатында аскерлердин уюш­кандыкта транспорт каражаттары м-н же жөө жүрүүсү. Ж. эреже катары түнүндө, жашыруун, ал эми күжүрмөн иш-аракет убагында ж-а ас­кердик ооруктарында күндүзү болот. Ж-түн не­гизги көрсөткүчтөрү: алыстыгы (баштапкы чектен мерчемдүү чекке чейинки жолдун уз. км м-н); узактыгы (саат же сутка м-н – баштапкы чекти өтүү убактысынан мерчемдүү аймакта то­лук топтолгонго чейин); бөлүнгөн багыттардын саны же кыймыл тилкесинин кеңдиги; сутка­лык өтүүлөрдүн саны – Ж. убагында бир сутка­да аскерлер басып өткөн аралык; суткалык өтүүлөрдүн алыстыгы (км м-н); колонна кый­мылынын орт. ылдамдыгы (жүрүү ылдамды­гы); сутка (саат) ичинде кыймылдын убакты­сы; 2) согуштук тапшырманы аткаруу үчүн ас­керлердин же согуш кемелеринин жолго чыгы­шы. Армиянын (флоттун) душмандын аймагы­на басып кирүүсүн, алыскы аралыкка аскерлер­дин (кемелердин) орун которуусун, согушууну ж-а салгылашууну камтыган күч-аракеттер; 3) уюмдашкан түрдө чыгуу.