ЖЫГАЧ АРХИТЕКТУРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫГАЧ АРХИТЕКТУРАСЫархитектура­нын жыгачтан имарат куруу тармагы; ал ж ы­г а ч т ы н түрдүү касиетинен ж-а куруу ыкма-


Чердынидеги турак үйлөр. 19-к.
Чердынидеги турак үйлөр. 19-к.

сынан келип чыккан өзгөчөлүктөргө ээ. Жыгач бекем, жеңил ж-а иштетүүгө ыңгайлуу болгон­дуктан, ал жакшы курулуш материалы болуп саналат. Ж. а. – курулуш иштеринин байыркы түрлөрүнүн бири. Жыгач курулушу 2 конструк­циялуу системада: көтөрмө (ичинде топурак, кум-таш ж. б. түшүп кетпегендей кылып жы­гачтан жасалган 4 бурчтуу курулуш) ж-а кереге түрүндө өнүккөн. Керегелүүсү нечен кылымдан бери өзгөрүүсүз колдонулуп келет. Мурда көп элдерде (айрыкча оруста) жыгачтан шаар, кыш­тактар салынган. Жыгач өрткө ж-а узак уба­кытка туруштук бере албагандыктан, Ж. а-нын байыркы эстеликтери жок болуп кеткен. Неги­зинен 17–19- ж-а бир аз 12–16-к-дагы курулуш­тар сакталган. Ж. а. шаарлардын калыптаны­шында зор роль ойногон. Байыркы жыгач ку-

Б о р г у н н д а г ы ставкирка. Нор­вегия. 1150-ж. чен.

рулуштар адабий маалыматтар б-ча гана бел­гилүү. Көтөрмө тутумдуу турак жайлар Россия, Беларуссия, Украина, Балтика бою, Польша, Румыния, Финляндия ж. б. өлкөлөрдө көп кездешет. Чарба курулуштарын (кампа, тегир­мен, көпүрө, мончо) ж. б. курууда калк арасы­нан чыккан чеберлердин өнөрү кеңири та­ралган.


Ад.: Всеобщая история архитектуры. Т. 4–9. М., 1966–71; Лисенко Л. М. Дерево в архитектуре. М., 1984.