ЖЫГАЧ ИШТЕТҮҮЧҮ СТАНОК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫГАЧ ИШТЕТҮҮЧҮ СТАНО́К – жыгач мате­риалдарын керектүү өлчөмгө ж-а түргө келти­рип иштетүүчү жөнөкөй машина. Анда ар түрдүү жыгач материалдарынан (тактай, фанера, жы­гач такта ж. б.) буюмдар м-н жасалгалардын (эмерек, вагон, кеме ж. б.) тетиктери, даяр бу­юмдар (эмерек, терезе, каалга, паркет, лыжа, кеңсе буюмдары ж. б.) даярдалат. Аткарган жу­муштун түрүнө жараша – жыгачты кескич, ий­гич, жыйноочу, желимдөөчү ж-а жасалгалоочу болуп бөлүнөт. Жыгач кескич станокто – жы­гач араалоо, фрезалоо, жонуу, көзөө, оюу, сүрүү ж-а жылмалоо иштери аткарылат. Жыгач ийүүчү станок жыгач бөлүкчөлөрүнүн байланы­шын бузбай ийип, керектүү түргө келтирет. Жый­ноочу станокто айрым даяр тетиктер – мык, сай­луу мык, тээк ж. б. м-н бекитилип, буюм жаса­лат. Жасалгалоочу станокто даярдалган буюм­дардын бетине лак сүйкөлүп, ар түрдүү оюм-чи­йим түшүрүлөт (Сүрөтү 423-бетте).