ЖЫГАЧ КЕСКИЧ АСПАП

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫГАЧ КЕСКИЧ АСПАП – мех. жол м-н сом жыгачтын өлчөмүн же түрүн өзгөртүүчү аспап. Ал формасы ж-а мизи м-н мүнөздөлөт. Мындан тышкары станокко бекитилген тетиктери болот да, алар аспаптын иштелүүчү жыгачка карата абалын жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Ж. к. а-ка төмөндөгүлөр кирет: араалар (кол м-н, электр бензин кыймылдаткыч м-н иштетилүүчү); бет иштетүүчү аспаптар – кол м-н (балта, кес­кич, тепкич, рубанок, фуганок ж. б.), механика­лаштырылган (электр рубанок, электр жылма­лагыч), машиналуу жыгач иштетүүчү станоктун бир бөлүгү болгон бычак, фрезалар; көзөнөк жасоо­чу аспаптар – бургулар, кол, машина ж-а электр м-н көзөгүчтөр, оюктарды ургулоочу чынжырлуу түзүлүштөр ж. б. Алар легирленген ж-а көмүр тектүү болоттон, катуу куймалардан, абразивдүү материалдардан жасалат.