ЖЫГАЧ МАТЕРИАЛДАР
ЖЫГАЧ МАТЕРИАЛДАР – жыгачтын табигый физ. түзүлүшүн ж-а хим. касиеттерин сактаган материалдар. Алар иштетилүүчү ж-а иштетилбөөчү болуп бөлүнөт. Иштетилбеген Ж. м-га бутактары кыркылып, керектүү узундукта кесилип алынган устундар кирет. Бул устундардын кабыгы аарчылгандан кийин, ө. ж-да, турак үй курууда, байланыш ж-а электр зымдарына түркүк же мамы, жер астындагы кен байлыктарды иштетүүдө бекитүүчү материал катары пайдаланылат. Иштетилген Ж. м-га тилинген материалдар (тактай, шпал, брус, паркет тактайы ж. б.), таарылган ж-а сүрүлгөн тактайчалар кирет. Ж. м-дын сапаты стандартташтырылган, анда жыгачтын сорту, түрү, иштетилүүдөгү кемчиликтери көрсөтүлөт.