ЖЫГАЧ УСТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫГАЧ УСТА – жыгачтан түрдүү көркөм буюм жасоочу чебер. Ж. у. жыгаччы, түндүкчү, ээрчи, кырмачы, тактачы, комузчу ж. б. болуп бөлүн­гөн. Ж ы г а ч ч ы боз үйдүн бүт жыгачтарын,


т ү н д ү к ч ү боз үйдүн түндүгүн, э э р ч и ээр, айырмач, ыңырчак, к ы р м а ч ы л а р аяк, табак, чара, сүзгү, тепши, челек, чыны куту, чөйчөк, кашык, соку, сокбилек, ийик, т а к т а­ч ы ком, сандык, жагдан, такта, бешик, үкөк, чана, чийне, чарпал, к о м у з ч у л а р – комуз, кыл, кыяк, чоор, тактеке, добулбас, жыгач ооз комуз ж. б. жасашкан. Бул буюмдарды жасоо­го арча, кайың, терек, жаңгак, тал, өрүк, че­тин, кара жыгач, карагай, табылгы ж. б. пай­даланылган. Ж. у-нын негизги куралдары: бал­та, араа, керки, байтеше, чот, бычак, ийди, атал­гы, үшкү, көзөөч, тез, тарткы ж. б. болгон. Ал өз үйүндөгү дүкөнүндө иштеп, бир экиден ша­кирт күткөн. Ар бир устанын колунан чыккан буюм чеберчилигине жараша жасалышы, кооз­долушу, сапаты жагынан өзгөчөлөнүп, кимди­ки экени таанылып турган.