ЖЫГАЧ УСТАЧЫЛЫК ИШТЕРИ
ЖЫГАЧ УСТАЧЫЛЫК ИШТЕРИ – жыгач буюмдары м-н тетиктерин жасап ж-а орнотуу үчүн курулуш жумуштары. Ж. у. и. төмөнкүлөрдөн турат: жыгач буюмдарын жасоо, алардын бөлүктөрүн бири-бири м-н туташтыруу, бекитүү (аштоо), жыгачты мех. жол м-н иштетүү, желимдөө, фанерлөө, сүргүлөө, куроо, жасалгалоо, жылмалоо жумуштары, о. эле инж. курулуштардын жыгач констр-ларын (көпүрө, тосмо, эстакадалар, шахта бекиткичтер, электр зым түркүктөрү), стандарттык жыгач үйлөрдү чогултуу ж. б. Ж. у. и-нде сызгыч, циркуль, кол араа, балта, бургу, сүргүч, тешкич ж. б. аспаптар колдонулат. Ири курулуштарда, ишканаларда, з-ддордо Ж. у. и-нин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, жумушчулардын эмгегин жеңилдетүү үчүн жыгачты даярдоо ж-а иштетүү жогорку өндүрүмдүү механикалаштырылган түзүлүштөрдүн жардамы м-н аткарылат. Көлөмү чакан иштер электр куралдары же кол м-н жүргүзүлөт. Ж. у. и-нин материалы катары устун, тактай, дөңгөч, такта жыгачтар, фанера, жыгач булалуу ж-а жыгач таарындылуу такталар ж. б. колдонулат.