ЖЫЛААЖЫН
ЖЫЛААЖЫН – 1) жезден жасалып, алтын, күмүш жалатылган кичинекей, тоголок кооз коңгуроо. Ж-ды кичинекей балдардын жакаларына, жаш кыздардын шуру, мончокторунун, келиндердин чач учтугунун ар кайсы жерине тагышкан. Кыз минүүчү атка катылган жүгөндүн сагагына же эки жаагына бириктиришкен. Кыз-келиндер кийүүчү бийик өкчөлүү өтүктүн такасын атайы көңдөйлөп, ага Ж. орнотушкан. Аны кийип басканда, уккулуктуу үн чыккан. Ж. айрым жерде з ы ң г ы р о о ч деп да аталат; 2) кыргыздын эң байыркы муз. аспаптарынын бири.
