ЖЫЛАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛАНДАР (Serpentes же Ophidia) – сойлоо­чулар түркүмү. Денеси узун, жумуру, кабырчык м-н капталган. Түсү айлана-чөйрөгө окшош. Ж-дын эң узуну 10 м, кичинелери 8–10 см. 200дөй омурткасы бар, кээ бир казылып алын­ганыныкы 435ке жеткен, алар бири-бири м-н сойлоого ылайыкталып кошулган. Жогорку чы­кый, таңдай, үстүңкү жаак сөөктөрү өз ара, баш сөөгү м-н кыймылдуу бириккен. Ошондуктан көлөмдүү азыгын жутканда Ж-дын оозу абдан


Жыландар: 1 – ок жы­лан; 2 – кадимки суу жылан; 3 – кум эфа­сы; 4 – кадимки кара чаар жылан; 5 – ка­димки анаконда; 6 – чекир жылан; 7 – Кав­каз кара чаар жыла­ны; 8 – гюрза; 9 – кадимки калкан тум­шук; 10 – чырылдак жылан.

чоң ачылат. Уулуу Ж-дын үстүңкү жаагындагы тиштеринде шилекей бездеринен бөлүнгөн уу чыгаруучу каналы болот. Ички органдары асим­метриялуу, табарсыгы болбойт. Эки ача узун тили нерселерди сыйпалап (жалап) сезүү орга­нынын милдетин аткарат. Ж-дын көбү калың өсүмдүк арасында, даракта, чөлдө, кээ бири суу­да (деңиз Ж-ы) жашайт. Жырткычтар. Көпчү­лүгү майда омурткалуу жандыктарды, канаттуу­лардын жумурткасын, курт-кумурскаларды, моллюскаларды жейт. Көпчүлүгү жумуртка тууйт, кээ бир түрү (мис., кара чаар Ж.) кака­нак сымал жумурткасын туур замат андан тирүү баласы чыгат. Бардык Ж. сууда жакшы сүзөт. 13 тукумунун 3000ге жакын түрү Антарктида­дан башка бардык жерде кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 6 тукумга кирген 60тай, Кырг-нда 10 түрү бар. Кээ бир түрү кемирүүчүлөрдү жок кылып, пайда келтирет. Ж-дын уусу – медици­нада, териси жеңил ө. ж-нда пайдаланылат. Ж-дын кээ бир түрүнүн саны азаюуда, 26 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.