ЖЫЛАН УУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛАН УУСУ – айрым жыландардын шиле­кей бездеринен бөлүнүп чыккан зат. Жаңы ке­зинде түссүз, саргыч же жашыл коюу суюктук; курамында альбумин, глобулин, ферменттер, суу, туз ж. б. болот. Кургатылган түрдө 23 жылга чейин сакталат. Түрдүү жыландардын уула­рынын касиети ар башка: мис., кара чаар Ж. у-нда кан тамырдын жарылуусуна себеп болуу­чу геморрагин, чекир Ж. у-нда нерв системасы­нын ишин начарлатуучу нейротоксин заты бар. Ошондуктан ар кандай жыландын чакканын организм түрдүүчө көтөрөт. Мис., кара чаар жылан чаккан жер ооруп, шишийт, териде ый­лаакча ж-а геморрагия пайда болот; чекир жылан чакканда, адам, мал демигип, кээде ку­сат, дем алуу борбору иштебей калып, өлүмгө дуушар кылат. Чекир жылан, калкан тумшук ж-а чырылдак Ж. у. канды уютпас, кара чаар жыландыкы уютма касиетке ээ. КМШ өлкөлө­рүнүн аймагында уулуу жыландын 14 түрү бел­гилүү. Жыланга чактырбоо үчүн саякатка чы­гууда, а. ч. жумуштарын аткарууда кончу узун өтүк кийип, өтө этият болуу зарыл. Жылан чак­канда, биринчи жардам – кишини кыймыл­датпай жаткызып, шакшак коюу, суусундуктар­ды (чай, суу) көп ичирүү, Ж. у-на каршы сыво­ротка ж. б. каражаттарды колдонуу. Ж. у-нан ооруган жерди басаңдатуучу, түрдүү сезгенүүгө каршы таасир берүүчү, невралгия ж-а муун оору­ларын ж. б. кеселдерди айыктыруучу дары­лар жасалат.