ЖЫЛГА
ЖЫЛГА – тоо капталында жаан-чачын жешинен пайда болгон анча терең эмес коктучалар. Ж. көп учурда кыртыштанып, чөптүү ж-а бадалдуу келет. Чулу тектүү бетте «таш жылга» болот. Тоо капталынын ортоңку тилкелеринде ж-а этектеринде, о. эле ири дарыя өрөөндөрүндө кездешет. Жерг. топонимдердин бири катары Кара-Жылга, Суу-Жылга, Жылга-Булак, Карагайлуу-Жылга, Эчкили-Жылга, Ээн-Жылга, Бадалды-Жылга ж. б. сыяктуу геогр. аттарда кездешет.