ЖЫЛДЫЗ АРАЛЫК БУЛУТ
ЖЫЛДЫЗ АРАЛЫК БУЛУТ – жылдыз аралык газ м-н чаңдын биригүүсү. Спиралдык галактиканын спираль түрүндөгү бутагында газдын 80–90%и Ж. а. б-та жыйналган. Алар биригип, газ-чаң комплекстерин түзөт ж-а спиралдык бутактын ички (иймек) жагында жайгашат. Ж. а. б-тардын параметрлери ар түрдүү. Биздин Галактикада алардын диаметри 5–40 пс, темпрасы – 20–100 К. Ж. а. б. Галактика дискинин 10% көлөмүн ээлейт ж-а жылдыздар м-н бирге Галактика дискинде анын борборунун тегерегинде айланага жакын жолдор б-ча 100–200 км/сек ылдамдык м-н кыймылдайт. Айрым булуттун өздүк (пекулярдык) кыймылынын ылдамдыгы 10 км/сек, кээде 50–100 км/секга жетет. Галактиканын таажысында анын тегиздигине 200 км/секга чейинки ылдамдык м-н түшүп жаткан газдар байкалган, ал газдын кайдан келип чыкканы белгисиз. Ж. а. б-тар арасындагы атомдордун концент-сы бир см3да 0,02–0,2 атом, темп-расы – 7–10 миң К.