ЖЫЛДЫЗДАР ЭВОЛЮЦИЯСЫ
ЖЫЛДЫЗДАР ЭВОЛЮЦИЯСЫ , ж ы л д ы зд а р ө ө р ч ү ш ү – убакыттын өтүшү м-н жылдыздардын физ. мүнөздөмөлөрүнүн ж-а хим. курамынын өзгөрүшү. Жаратылыштагы бардык объектилер сыяктуу эле жылдыздар пайда болот, өнүгөт, акырында «өлөт». Жылдыздардын «өмүрү» анын массасына көз каранды. Массасы Күндүкүнөн кичине жылдыздар узак (ондогон млрд жылдар бою) жашайт, себеби массасы анчалык чоң болбогондуктан, гравитация күчүнө жылдыздардын түпкүрүндө жүрүп жаткан ядролук реакция тең салмакта турат. Массасы чоң жылдыздар тез «карыйт», мис., массасы Күндүкүнөн 15 эсе чоң жылдыздар энергия запасын 10 млн жылда эле «түгөтүп» алат. Дээрлик бардык жылдыздар өмүр бою темп-расы м-н өлчөмдөрүн өзгөртпөй сактайт. Бирок борб. бөлүгүндөгү суутек гелийге айланып бүткөндө жылдыз өзгөрө баштайт. Анын өлчөмү чоңоюп, чыгарган энергиясы өсүп, кызыл алпка айланат. Борб. бөлүгүндөгү темп-расы 100 млн градуска чейин көтөрүлүп, ядродогу гелий көмүртекке айланат. Кийин алптын тышкы катмары бөлүнүп кетиши мүмкүн, анда жылдыз планеталык тумандуулуктун газ алкагында калат. Акырында жылдыз кысылып, сууп бараткан ак кидикке айланат. Массасы Күндүкүнөн 1,4 эсе чоң жылдыздар ак кидикке айлангандан кийин. кысылуусун токтото албай калат. Гравитация күчүнүн кысуусунан электрон м-н протондордун өз ара аракети бардык массаны нейтронго айландыруусунан нейтрон жылдызы пайда болот. Эгерде жылдыздын массасы же тышкы катмары бөлүнүп кеткенден кийинки калдыгы Күн массасынан 3–5 эсе чоң болсо, анда кысылуу процесси нейтрондук жылдызга айлангандан кийин да токтобойт, кысылуунун эбегейсиз күчү м-н кара көңдөйгө айланат.