ЖЫЛДЫЗЧА МӨҢГҮСҮ
ЖЫЛДЫЗЧА МӨҢГҮСҮ Какшаал кырка тоосунун түн. капталында, Борб. Теңир-Тоодо. Түш. Эңилчек мөңгүсүнүн негизги тармагы. Уз. 16,5 км, аянты 91,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 7439 м (Жеңиш чокусу) бийикте, 4110 мде негизги мөңгүгө кошулат. Кар чегинин бийикт. 4150 м. Мөңгү бүт бойдон фирн облусунда жатат. Негизги мөңгүнүн өрөөнүндө туурасы 1 км келген тилкени түзөт. Фирн облусу дээрлик Жеңиш чокусунун түн. капталында жатып, тепкич сымал кертилген муз жаракалары м-н татаалданган.