ЖЫЛДЫЗ ЧОҢДУГУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛДЫЗ ЧОҢДУГУ – жылдыз же асман те­лосунун жаркыроо чени. Б. з. ч. 2-к-да Гип­парх куралсыз көзгө көрүнгөн жылдыздарды 6 топко бөлгөн, эң жаркырак жылдыздарды 1-чоңдукка, эң начарын 6-чоңдукка киргизип, калгандарын 2-, 3-, 4-, 5-чоңдуктарга ылайык­таган. Бир чоңдуктан экинчисине өткөндө жар­кыроонун өзгөрүшү көзгө бирдей болуп көрүнөт, кийин фотометриялык өлчөмдүн жардамы м-н 1-чоңдуктагы жылдыздын жаркыроосунун 6- чоңдуктагы жылдызга болгон катышы 100гө барабар экендиги аныкталган. Бул катыш Ж. ч-нун 5 интервалына туура келгендиктен, жа­наша чоңдуктагы эки жылдыздын жаркырак­тыгынын катышы 5 100 = 2,512ге барабар. Эгер Е1 ж-а Е2 эки жылдыздын жарыктанышы, m1 ж-а m2 – аларды Ж. ч. болсо, анда алардын катышы Е1/ Е2 = 2,512 (m1m2) болот. Мын­дан жылдыздын жаркырактыгы чоң болсо, анын чоңдугунун сан мааниси кичине болору келип чыгат. Абдан жаркырак жылдыздын Ж. ч. нөл же терс сан, абдан начар Ж. ч. оң сан м-н туюнтулат. Мис., эң жарык жылдыз Сириус­тун Ж. ч. m= –1,46; Күндүкү m= –26,78 ; толгон Айдыкы m= –12,712 ; эң начар жылдыздыкы m = 23 ж. б.