ЖЫЛКЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛКЫ – жылкы сымалдар тукумундагы сы­ңар туяктуу жаныбарлар уруусу. Сымбаттуу, ири (дене уз. 2,5 м, ыйык жалынан бийикт. 1,6 м) мал. Буту узун, тез жүрүүгө ыңгайлуу. Жүнү коюу, жалы, куйругу узун. Азуулары төрт


чарчы жалпак келип, чөп чайноого ыңгайлуу. Жапайы жылкы мурда Европа, Азия ж-а Аф­рикада кездешип, талаа, чөл ж-а жарым чөлдүү жерлерде үйүрү м-н жашаган. Ж-нын 7 түрү, 4 уруучасы – кадимки Ж. (Пржевальский жыл­кысы, тарпан, бакма Ж.), эшек, кулан, зебра белгилүү. Тарпан тукум курут болгон. Бакма Ж. бардык континентте (Антрактидадан башка), дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө бар. Алар күч унаа катары, эт, сүт ж. б. алуу үчүн асыралып, ат спортунда пайдаланылат. Ж-ны колго үйрө­түү б. з. ч. 4-миң жылдыкта башталган. Ж-нын 200дөн ашык (КМШ өлкөлөрүндө 50) породасы бар. Алар тиби, сымбаты, чоң-кичинелиги, иш­темчилдиги б-ча айырмаланып, бир нече топко бөлүнөт: мис., оор жүкчүл (владимир, арденна, брабансон), минги (будённый, терек, тракенен) ж. б. Ж. породалары. Азыркы Ж. породалары­нын ыйык жалынан бийикт. 50–185 см, сал­магы 60–1500 кг. Угуу, көрүү, жыт алуу орган­дары жакшы өөрчүгөндүктөн, Ж-ны үйрөтүү ж-а көнүктүрүү оңой. Ж. жыныстык жактан ку­нанында жетилет да, быштысында үйүргө ко­шулат. Бээ 11 ай көтөрүп, жалкы кулун тууйт. Кулунун 5–6 ай эмизип, күнүгө 11–15 л сүт бе­рет. Ж. 25–30 жыл жашайт; этинде 18–20% бе­лок, 6–8% май болот, к. Жылкы породалары.


Ад.: Справочник по коневодству. М., 1983; Кыргыз ж ыл к ы сы н ы н ж а ңы т ук у м ун ж ак ш ы рт у у ну н жолдору. Ф., 1984. С. Д. Өмүрзаков.