ЖЫЛКЫ
ЖЫЛКЫ – жылкы сымалдар тукумундагы сыңар туяктуу жаныбарлар уруусу. Сымбаттуу, ири (дене уз. 2,5 м, ыйык жалынан бийикт. 1,6 м) мал. Буту узун, тез жүрүүгө ыңгайлуу. Жүнү коюу, жалы, куйругу узун. Азуулары төрт
чарчы жалпак келип, чөп чайноого ыңгайлуу. Жапайы жылкы мурда Европа, Азия ж-а Африкада кездешип, талаа, чөл ж-а жарым чөлдүү жерлерде үйүрү м-н жашаган. Ж-нын 7 түрү, 4 уруучасы – кадимки Ж. (Пржевальский жылкысы, тарпан, бакма Ж.), эшек, кулан, зебра белгилүү. Тарпан тукум курут болгон. Бакма Ж. бардык континентте (Антрактидадан башка), дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө бар. Алар күч унаа катары, эт, сүт ж. б. алуу үчүн асыралып, ат спортунда пайдаланылат. Ж-ны колго үйрөтүү б. з. ч. 4-миң жылдыкта башталган. Ж-нын 200дөн ашык (КМШ өлкөлөрүндө 50) породасы бар. Алар тиби, сымбаты, чоң-кичинелиги, иштемчилдиги б-ча айырмаланып, бир нече топко бөлүнөт: мис., оор жүкчүл (владимир, арденна, брабансон), минги (будённый, терек, тракенен) ж. б. Ж. породалары. Азыркы Ж. породаларынын ыйык жалынан бийикт. 50–185 см, салмагы 60–1500 кг. Угуу, көрүү, жыт алуу органдары жакшы өөрчүгөндүктөн, Ж-ны үйрөтүү ж-а көнүктүрүү оңой. Ж. жыныстык жактан кунанында жетилет да, быштысында үйүргө кошулат. Бээ 11 ай көтөрүп, жалкы кулун тууйт. Кулунун 5–6 ай эмизип, күнүгө 11–15 л сүт берет. Ж. 25–30 жыл жашайт; этинде 18–20% белок, 6–8% май болот, к. Жылкы породалары.
Ад.: Справочник по коневодству. М., 1983; Кыргыз ж ыл к ы сы н ы н ж а ңы т ук у м ун ж ак ш ы рт у у ну н жолдору. Ф., 1984. С. Д. Өмүрзаков.