ЖЫЛКЫ ТЕКЕЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛКЫ ТЕКЕЙ (Tragopogon) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Эки же көп жылдык чөп. Тамыры тик ылдый өсөт.
Жалбырагы тасмадай же ичке, сүйрү, жээктери тегиз же чала оюктуу. Гүлү сары, кызгылт же күлгүн кызыл. Ев­разияда ж-а Түн. Африкада 100–150 түрү өсөт. Жер Ортолук деңизде өсүү­чү Ж. т. жашылча катары желет. Кырг-нда 13 түрү, бөксө тоолордо, шал­баада, боздоңдо кездешет. Баалуу тоют, балдуу өсүмдүк. Анын айрым түрү тамак-ашка пайдаланылат.