ЖЫЛКЫ ЧАРБАСЫ
ЖЫЛКЫ ЧАРБАСЫ – мал чарба тармагы. Ж. ч-нда жылкынын негизги 3 тиби (минги, чегилме, оор жүкчүл) пайдаланылат. Ж. ч. калкты эт, сүт, тери ж-а унаа м-н камсыз кылуучу маанилүү тармак болуп саналат. Жылкы породалары айрыкча 18–19-к-да көп ч ыгар ыл ган. Азыр б и р к ат ар өлкөлөрдө жылкы а. ч. жумуштарына ж-а күч унаа катары али да кеңири пайдаланылат. Ат спортун ж-а туризмди өнүктүрүүдө мыкты жылкы по-
родаларын көбөйтүү айрыкча мааниге ээ. Асыл тукумдаштыруу ишин пландуу жүргүзүүнүн натыйжасында күлүк (учкаяк), чыдамкай, күчтүү, сымбаттуу жылкылар көбөйүп, ат спортунун классикалык түрлөрү б-ча эл аралык, олимпиялык оюндарда жакшы натыйжалар жаралууда. Бээнин сүтүнөн дарылык касиети бар кымыз ачытылат. КРде а. ч-ны реформалоонун ж-а базар экономикасынын шарттарына ылайык Ж. ч. жеке менчик дыйкан чарбаларында өнүгүүдө. Кырг-нда бардыгы 347 миңден ашык жылкы бар. Анын 14%и асыл тукумдуу болуп эсептелет. Өлкөдө жылкынын таза кандуу минги, минги-чегилме, жаңы кыргыз жылкысы, дон, орловж-аорустаскакчылпородаларыөстүрүлөт. Породалык багытында кыргыз жаңы жылкылары 92%ти түзөт. Кыргыз жаңы жылкысы Кырг-ндагы жерг. кыргыз жылкысы м-н дон ж-а талаа асыл тукум минги жылкысын аргындаштыруудан чыгарылган. Жылкы тукумун өркүндөтүү ж-а жакшыртуу б-ча респ-да 34 чарба иштейт (2007). Алар – Нарын, Талас, Ысык- Көл ж-а Ноокат мамл. асыл тукум з-ддору, ипподромдор, кооперативдер, жеке менчик асыл тукум чарбалары ж-а асыл тукум фермалар. Асыл тукумдаштыруу иши Кырг-ндын кескин континеттик климатына ж-а бийик тоо шартында пайдалануу үчүн турпаты келишимдүү, чымыр жылкы чыгарууга багытталган. Өлкөбүздө асыл тукум Ж. ч-н өнүктүрүү максатында Кыргыз Өкмөтү 2003-ж. атайын токтом м-н «Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин жылкы чарбасын өнүктүрүү программасын» кабыл алып, асыл тукум жылкы з-ддоруна колдоо көрсөтүлүүдө. КРде Ж. ч. б-ча ил. иштер А. Дүйшеев атн. Кырг-н мал чарба, ветеринария ж-а жайыт ИИИде ж-а К. И. Скрябин атн. КАУнун жеке зоотехния кафедрасында жүргүзүлөт.