ЖЫЛМАЛОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛМАЛОО – 1) абразивдүү аспаптардын жар­дамы м-н материалдын (металл, жыгач, таш ж. б.) бетин күзгүдөй жалтыратып иштетүү. Ме­талл кийизден же кездемеден жасалып, бетине жылмалоочу паста сүртүлгөн жумшак айланма тегерек, кайрак, өгөө ж. б. м-н жылмаланат. Айрым учурда электролиздик Ж. (электролиз­дин жардамы м-н) колдонулат. Жыгачтын бе­тине жылмалоочу тунук смола (политура) сүйкөлүп, вена акиташы м-н күзгүдөй кылып жалтыратылат. Ташты Ж-до (шлифовкалоодон кийин) нымдалган тегерек кийиз м-н күкүмдүн (мис., калай кычкылы) ичке агымын берүү ар­кылуу иштетилүүчү бет сүртүлөт. Бул иш жыл­малоочу станокто, электр аспаптары, кээде кол м-н жүргүзүлөт. Ж. металл иштетүүдө кеңири таралган. Жыгач м-н ташты иштетүүдө, адеген­де алардын бети жылмаланып, андан кийин сырдоо, лак жабуу, жалтыратуу иштери ат­карылат; 2) жыгачтын тышкы түрүн жакшыр­туу ж-а атмосферанын таасиринен сактоо үчүн бетин политура м-н каптоо.