ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ
ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ – жылдыздуу асман б-ча күндүн байкалган кыймылына ж-а табияттын мезгилдүү өзгөрүшүнө жараша жылдын мезгилдерге – жаз, жай, күз, кышка бөлүнүшү. Ал Жердин өз орбитасынын тегиздигинде, эклиптикада 23°26′ (66°34′) бурч м-н жантайып, айлануу огу м-н аныкталат. Жылдыздуу асман б-ча Күндүн көзгө көрүнгөн кыймылына жараша жыл (жаз, жай, күз, кыш) мезгилдерге бөлүнөт. Жер Күндү айланганда, анын айлануу огу өзүнө жарыш жылгандыктан, Жер жыл бою бирде түн., бирде түш. жагы м-н Күнгө карата жантаюу абалында болот. Натыйжада Күн бирде Жердин Түн., бирде Түш. жарым шарын жарык кылып, күчтүү ысытат да, Түн. жарым шарда жай болгондо, Түш. жарым шарда кыш ж-а тескерисинче болот. Күн борбору эклиптика б-ча кыймылдап, Түш. жарым шардын асман сферасынан Түн. жарым шарга (20- же 21-мартта) өткөн учурда, Түн. жарым шарда жаз башталат. Ошол күнү Жердин бардык бетине (уюлдук аймактардан башка) күн-түн теңелет. Жайдын башталышында Түн. жарым шарда (21- же 22-июнда) Күн эклиптиканын Түн. чекити (жайкы күн токтолуу чекити) аркылуу өтөт. Бул учурда Жердин Түн. жарым шарында күн, ал эми түштүгүндө түн өтө узарат. Күздүн башталышында – түн. жарым шарда (23-сентябрь) Күн экваторду 2-жолу кесип өтүп (күзгү күн-түн теңелүү чекити), Түн. жарым шардан түштүккө өтөт. Жердин бардык орундарында кайрадан күн-түн теңелет (түн. жарым шарда 21- же 22- декабрь). Күн эклиптиканын түш. чекити (кышкы күн токтолуу чекити) аркылуу өткөндө, кыш башталат да, Жердин Түн. жарым шарында күн, түштүгүндө түн өтө кыскарат. Жер орбитасы эллипс түрүндө болуп, Күндү бир калыпта айланбагандыктан, жыл мезгилинин узактыгы да ар түрдүү болот. Январь айында Жер перигелий аркылуу өтүп, Күнгө абдан жакындайт. Бирок күн нуру жер бетине абдан кыйгач түшкөндүктөн, аба ырайы суук болот. Ал кезде Жер тезирээк кыймылдайт, Түн. жарым шарда кыш кыскарып, жай узагыраак болот. Азыркы учурда түн. жарым шарда жаздын узактыгы – 92,8 сутка, жай – 93,6 сутка, күз – 89,8 сутка, кыш – 89,0 сутка болуп, бардыгы 365,2422 сутканы (тропиктик жыл) түзөт. Жер орбитасы эллипс түрүндө болгондуктан, аба ырайынын мезгилдүү өзгөрүшүнө жылуу ж-а муздак агымдар, тоолор, шамал көбүрөөк таасир этет. Ошондуктан күнүмдүк турмушта жыл мезгилинин алмашуусун астр. эмес, жаратылыш белгилери (орт. суткалык темп-ра) б-ча аныкталат. Астрометриялык жыл мезгилине карата календарлык мезгил 21– 22 суткага жылдырылып эсептелет: жаз (март, апрель, май), жай (июнь, июль, август), күз (сентябрь, октябрь, ноябрь), кыш (декабрь, январь, февраль).
