ЖЫЛУУ-БУЛАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУ-БУЛАК – Ысык-Көл обл-нун Түп р-нундагы кыштак. Чоң- Таш айыл округуна ка­раштуу. Түп өрөөнүнүн түндүгүндө, Күнгөй Ала- Тоонун этегинде, деңиз деңг. 1730 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбо­ру Түп кыш-нан 26 км чы­гыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 217 км. Калкы 1505 (2007); негизи­нен мал чарбасы м-н алек­тенет. Негизги мектеп, мед­пункт, китепкана бар.