ЖЫЛУУ ДЕҢИЗ АГЫМДАРЫ
ЖЫЛУУ ДЕҢИЗ АГЫМДАРЫ – белгилүү бир кеңдиктеги жалпы океан суусунун темп-расынан жылуураак болгон деңиз агымы. Адатта жылуу агымдар төмөнкү кеңдиктерден жогорку кеңдиктерди карай агат. Жылуу агымдар буулануу көп болгон аймактардан келгендигине байланыштуу суусунун туздуулугу жогору болот;
мис., Гольфстрим, Куросио жылуу агымдары. Арктика, Антарктика тараптан келген муздак жээк агымдарына Ж. д. а. беттешкенде, ылдамдыгы күчөйт, к. Деңиз агымдары, Муздак деңиз агымы.