ЖЫЛУУЛУК КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУК КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ – жылуу­лук энергиясын мех. жумушка айландыруучу курал. Ж. к. табигый энергетикалык ресурстар­ды хим. же ядролук күйүүчү отун катары пай­даланат. Ж. к. термодинамикалык п. а. к. ар­кылуу аныкталат. Жумушчу термодинамика­лык процесстерди аткаруучу машиналардын түрү б-ча Ж. к. поршендүү, ротордуу ж-а реактивдүү кыймылдаткычтар болуп бөлүнөт. О. эле ара­лашкан түрлөрү дагы колдонулат, мис., турбо­реактивдүү ж-а Ванкель кыймылдаткычтары. Ж. к. ысытуучу жылуулукту алып келүү ыкма­сы б-ча ичинен ж-а тышынан күйүүчү кыймыл­даткычтар болуп да бөлүнөт. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычта – күйүүчү майдын күйүү про­цесси ж-а андан чыккан жылуулуктун мех. жумушка айланышы бир эле жумушчу көң­дөйдө (цилиндрде) жүрөт; ал эми сыртынан күйүүчү кыймылдаткычта – бул процесстер тыш­та, атайын түзүлүштө ишке ашырылат (мис., Стирлинг кыймылдаткычы, буу машинасы). Ж. к-нын чыныгы жумушу, б. а. натыйжалуу п. а. к. – анын чыгуучу валындагы мех. жу­муштун жалпы жылуулук кубатына болгон катышы. Ж. к-нын натыйжалуу п. а. к. 0,1– 0,6 чегинде өзгөрүп турат.