ЖЫЛУУЛУК МАШИНАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУК МАШИНАСЫ – жылуулукту жу­мушка (жылуулук кыймылдаткычы, жылуулук насосу ж. б.) же жумушту жылуулукка (муз­даткычтар) айландыруучу курал. Ж. м-нын иштөөсү табигый энергетикалык ресурстарга (газ, нефть, суу буусуна ж. б.) негизделген. Эгер­де циклди ишке ашырууда анын бир бөлүгүндө жумуш аткаруучу нерсеге жылуулук берилип, башка бөлүгүндө жылуулук чыгарылса (төмөнкү темп-рада), анда жумуш аткаруучу нерсе – бе-


рилген ж-а чыгарылган жылуулук санынын айырмасына барабар (идеалдуу Ж. м. үчүн) жу­муш аткарат. Мис., ичинен күймө кыймылдат­кыч, буу ж-а газ турбиналары.