ЖЫЛУУЛУКТУ ЖӨНГӨ САЛУУ
ЖЫЛУУЛУКТУ ЖӨНГӨ САЛУУ , т е р м о р ег у л я ц и я (термо... ж-а лат. regulo – жөнгө салам) – жылуу кандуу организмдердин (куш, сүт эмүүчү жаныбарлар, адам) дене темп-расын туруктуу деңгээлде сактоочу физиол. процесстер жыйындысы. Ж. ж. с. чөйрөнүн түрдүү шарттарында организмдин тиричилигин камсыз кылат. Айлана-чөйрөнүн темп-расына байланыштуу жылуулук продуктусу м-н жылуулук чыгаруу-
нун өзгөрүшү дененин темп-расынын туруктуулугун камсыз кылат. Жылуулук продуктусу
өзгөртүүчү физиол. процесстер хим., жылуулук
чыгарууну өзгөртүүчү процесстер физ. Ж. ж. с. деп аталат. Жылуулук продукциясы бөлүнүп
чыккан жылуулукка барабар болсо, организмдин темп-расы бир калыпта сакталат, шайкеш келбесе, организмдин темп-расы жогорулайт, көп бөлүнсө төмөндөйт. Ж. ж. с. жаныбардын ар кандай климаттык шартта жашоосун ж-а таралышын камсыз кылат.