ЖЫНЫС
ЖЫНЫС – организмдин жыныстык көбөйүүсүн камсыз кылуучу ген. ж-а морфол.-физиол. өзгөчөлүктөрүнүн жыйындысы. Мында аталык ж-а энелик жыныс клетка – гаметалар кошулуп, зиготаны пайда кылат, андан жаңы организм өрчүйт. Зиготада аталык ж-а энелик гаметалардын 2 гаплоиддүү хромосома жыйындысы биригет. Жаңы организмдин жыныс клеткасында аталык ж-а энелик хромосомалардын гаплоиддүү жыйындысы пайда болот. Жыныстык көбөйүү көбүнчө жаныбарларда ж-а татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө болот. Бир клеткалуу организмдерде Ж. анча жиктелбеген. Көп клеткалуу диплоиддүү организмдерде атайын гаплоиддүү Ж. клеткалары (энелик Ж-та аз кыймылдуу же кыймылсыз; эркек Ж-та майда ж-а кыймылдуу) пайда болот. Көпчүлүк жаныбарларда эркек, ургаачысы айырмаланып турат. Алар бир катар морфол. ж-а физиол. белгилери, о. эле жыныстык жүрүм-туруму м-н айырмаланат.