ЖЫНЫС ОРГАНДАРЫ
ЖЫНЫС ОРГАНДАРЫ – организмдин тукумдоо милдетин аткаруучу мүчөлөрү. Аларга жыныс бездери (эркек ж-а ургаачы жыныс бези), жыныс өткөөлдөрү (урук ж-а тукум түтүгү), жардамчы түзүлүштөр (ургаачыда секреция чыгаруучу без, эркекте жумуртканын түрдүү челин пайда кылуучу зат) кирет. Айбанаттардын көпчүлүгү айрым жыныстуу, кээ бир түрүнө (былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр, курттар, молюскалар ж. б.) гермафродитизм мүнөздүү. Адамдын Ж. о. ж-дө, к. Аялдын жыныс органдары, Эркектин жыныс органдары макалаларын.
Өсүмдүктөрдүн Ж. о. түрдүү системалык топто
түрдүүчө түзүлгөн. Балырлардын көпчүлүгүнүн ж-а жөнөкөй козу карындардын аталык ж-а энелик Ж. о-нын морфол. жактан айырмасы жок. Морфол. жактан айырмаланган бир же көп клеткалуу тегерек же баштык формасындагы эркек Ж. о-нда (антеридийлерде) эркек урук клеткасы өсөт. Энелик Ж. о. тегерек, бир клеткалуу болсо (балырлар, козу карындар) оогамиялар, архикарптар (аскомицет козу карындарда); көп клеткалуу, чучуктай жумуру, сүйрү болсо (эңилчектерде, папоротник сымалдарда), архегонийлер деп аталат.