ЖЫНЫСТЫК ТАРБИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫНЫСТЫК ТАРБИЯ б а л а г а т к а т а р­б и я л о о – балдарга, өспүрүмдөргө ж-а жаш­тарга жыныс мамилесин туура түшүндүрүүгө ба­гытталган мед. ж-а пед. чаралар системасы. Ж. т. жаш өспүрүмдөрдүн ар тараптан өсүүсүнө, төрөткө жарамдуулукка, сексол. билимдүү­лүккө, нике ж-а үй-бүлөнү чыңдоого көмөктө­шөт. Мектеп жашына чейинки балдарды дене­син таза кармоого ж-а жүрүш-туруштун эң жөнөкөй эрежелерине үйрөтүү керек. Эрогендик жерлерди дүүлүктүрбөө үчүн кийим ыңгайлуу, кенен болуп, мите ооруларын алдын алуу за­рыл. Балдар 2–3кө келгенде, кайсы жыныска таандык экенин билип калат. Кенже класстын балдарын тарбиялоодо алардын жашынын фи­зиол., психол. өзгөчөлүктөрүн эске алып, бал­дар м-н кыздарда токтоолук, өз ара жардамда­шуу сапаттарын калыптандыруу зарыл. Өспүрүм чакта (кыздар 12–14төн, балдар 13–15тен) алар­дын ички дүйнөсү байып, эндокрин бездеринин (өзгөчө жыныс безинин) кызматы күчөп, жы­ныстык кызыгуу башталат. Бул кезде кыздар­га этек кир циклин, балдарга полюциянын пай­да болушун, анын мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин, ошол убактагы гигиена эрежесин түшүндүрүп, о. эле өспүрүмдөрдү жыныстык се­зимдин эрте ойгонуусунан сактоо керек. Өс­пүрүмдөрдү жыныстык сезимди башкара билүү­гө, ар кыл тескери көрүнүштөрдөн алыс болуу­га үйрөтүү зарыл. Жогорку класстын өспү­рүмдөрүнө, мектепти бүткөн балдар, кыздарга Ж. т-нын гигиеналык, физиол. негиздерин, ни­кенин адеп-ахлак маселелерин түшүндүрүү пай­далуу. Өспүрүмдөр арасында режимди туура уюш­туруу, бир-бирине туура мамилесин ыйык сак­тап, адепсиздикке барбоого, эркек балдарды са­бырдуулукка, кыздарды кыз абийирин, кыздын ыйык атын сактоого тарбиялоо керек.