ЖЫРГАЛАҢ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРГАЛАҢ – Ак-Суу р-нундагы суу. Тескей Ала- Тоонун түн. капталынан башталып, Ысык- Көлдүн чыгыш тарабындагы булуңга куят. Уз. 97 км, алабынын аянты 2070 км2. Жогорку жагы кууш капчыгай аркылуу субмеридиан багытта, төмөнкү бөлүгү кеңдик багытта агат. Ири куйма­лары: Терим-Төр-Булак, Түргөн-Ак-Суу, Боз-Учук, Ичке-Жергез, Ак-Суу (Арашан). Мындан башка 50дөн ашык майда куймасы, алабында жалпы аянты 1,54 км2 келген 42 көл бар. Жылдык орт. чыгымы 22,5 м3/сек; эң көбү 104 м3/сек, эң азы 7,12 м3/сек. Апрелде кире баштап, августтун аягында тартылат. Сугатка кеңири пайдаланы­лат. Алабында Ак-Суу санаторийи, Жыргалаң курорту жайгашкан. Боюнда Жыргалаң шаар­часы, Кызыл-Кыя, Зындан (Токтогул), Ак-Чий, Качыбек, Шапак, Отрадный, Чоң Жергез, Чолок, Кара-Жал, Тепке кыш. орун алган.