ЖЫРГАЛАҢ БАТКАК КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРГАЛАҢ БАТКАК КЕНИ Ысык-Көл обл­нун Ак-Суу р-нунда, Каракол ш-нан 12–15 км түн. тарапта, Жыргалаң суусунун оң өйүзүндө, деңиз денг. 1610 м бийикте жайгашкан. 1966-ж. табылган. Кен байыркы көл чөкмөлөрүнөн түзүлгөн. Чөкмөнүн үстүндө кумдуу чопо м-н кум (калыңдыгы 0,5–1,5 м), астында дарылык ка­сиети бар кара, каралжын боз түстөгү илээш­кек баткак жатат. Ал бир аз күкүрттүү суутек жыттанат. Баткактын орт. калыңдыгы 6,5 м. Аз минералдашкан (1,4–1,7 г/л), нымдуулугу 34%, салышт. сал. 1,6–1,65 г/см3. Микроэле­менттерге бай. Коллоиддик комплекси 10–11%. Аянты 99 миң м2, запасы 700 миң т. Жыргалаң курортунда пайдаланылат.