ЖЫРГАЛАҢ БУЛУҢУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРГАЛАҢ БУЛУҢУ Ысык-Көлдүн чыгыш бөлүгүндө. Каракол ш-нан 7 км аралыкта. Уз. 18 км, туурасы 1,5–2,5 км, жээк сызыгынын уз. 42 км. Тереңдиги булуңдун оозунда 59 м. Бу­луң Жыргалаң суусунун өрөөнүнүн уландысы; синклиналдык ийилиште жайгашкан. Голоцен­де көлдүн суусу көтөрүлүп, өрөөндү каптап ка­луусунан пайда болгон. Өрөөндүн суу астында­гы уландысы 25 км аралыкка (120 м тереңдик­ке) чейин созулат. Жээги тик, тектирлүү, көлдүн деңгээлинен 15–37 мге көтөрүлүп жатат. Жыр­галаң суусу булуңга куярда салааланып, дель­таны пайда кылат. Ал жылына 90 миң тдан ашык ылай, шиленди агызып келет. Жыргалаң­дын көл суусун тузсуздандырууда мааниси зор: анын чатынан 300 м аралыктагы туздуулу­гу 3,5 г/л, оозунда 5,9 г/л. Булуңдун төрүндө сейши кубулушу байкалат. Жээгинде Каракол пристаны, байыркы шаар чалдыбары (8-к.), сая­катчы Н. М. Пржевальскийдин мүрзөсү, эстели­ги ж-а мемориал музейи бар. Кийин белгилүү окумуштуу Х. Карасаев да ошол жерге коюл­ган. Булуңдан балык кармалат.