ЖЭЭК БЕКИТҮҮЧҮ КУРУЛМА
ЖЭЭК БЕКИТҮҮЧҮ КУРУЛМА – көлмө жээктерин суу толкуну ж-а агымы, муз басымы ж. б. жаратылыш факторлорунун талкалоочу аракеттеринен сактагыч. Ж. б. к. суунун агымы м-н өз ара аракеттенишүү түрү б-ча төмөндөгүдөй бөлүнөт: активдүү – суу агымынан сайроондорду ж-а жээктеги шилендилерден сактайт (дарыяларда – туурасынан кеткен жөнгө салынуучу тосмолор, агымды багыттагыч калканчтар; деңизде ж-а көлдө – шиленди тосуучу дамбалар, толкун баскычтар) ж-а пассивдүү – суу агымына туруштук бере турган бышык констр-лар (деңизде – толкун тоскуч дубалдар, ири блоктор ж-а фигуралуу массивдер; дарыяларда – таш тосмолор, бетон ж-а темир-бетон такталар).