ЖЭЭН
ЖЭЭН – кыргыздын салттуу туугандык жайында аялдын төркүнү тарап үчүн анын балдарынын туугандык мамилесин билдирүүчү атоо. Ж-дин аялы Ж. келин, Ж. кыздын күйөөсү Ж. күйөө деп аталган. Ж. балдары жээнчер деп аталат. Салт б-ча Ж. бала бир тууган катары эсептелип, 3–4 ата өтө элек жакын таекелеринен кыз албаган, Ж. кыз андай жакын таекелерине турмушка чыккан эмес. Бул салт жээнчерлерге карата колдонулбаган. Ж-ге карата мамилелер кыргыздын туугандык жайында өзгөчө орунду ээлеген. Адатта Ж. таекелерине келгенде өзүн эрке алып жүргөн, каалаган буюмун суроосопкутсуз алып кетүүгө акылуу болгон. Ж-дин салттуу коомдогу мындай абалы «Жээн эл бол-
бойт, желке тон болбойт», «Жээн киргиче, жети бөрү кирсин» деген макалдарда көрсөтүлгөн.