ЖЭЭНАЛИЕВ
ЖЭЭНАЛИЕВ Токтожума (9. 5. 1933-ж. т., Тогуз-Торо р-ну, Арал кыш.) – милициянын генерал-майору (1984), СССР ИИМдин эмг. сиң. кызматкери (1974), КРдин эмг. сиң. юристи (1994). Жалал-Абад ш-ндагы мугалимдер ин-тун (1952), СССР ИИМдин Алматыдагы атайын мектебин (1960), Москвадагы жогорку мектебин (1968) бүтүргөн. 1952–55-ж. Казарман орто мектебинде мугалим, комсомолдун Тогуз-Торо райкомунда бөлүм башчы, 1959–62-ж. Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө участкалык инспек-

тор, 1962–63-ж. Нарын обл. ички иштер башкармалыгынын оперуполномочени, 1963–71-ж. Тогуз-Торо, Ак-Талаа р-ндук ички иштер бөлүмдөрүнүн улук уполномочени, Ак-Талаа р-ндук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, 1971–72-ж. Нарын обл. ички иштер башкармалыгында бөлүмдүн начальниги, 1972–75-ж. Жумгал р-ндук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, 1975–87-ж. Нарын обл. ички иштер башкармалыгында начальниктин орун басары, начальниги, 1987– 96-ж. ИИМде Кадрларды даярдоо борборунун начальниги, 1998-жылдан КР ИИМдин Э. Алиев атн. Академиясынын профессору. Эмгек Кызыл Туу, III даражадагы Манас ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.