ЖЭЭНБАЕВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЭЭНБАЕВ Жаныбек (14. 9. 1931, Ысык-Көл

обл., Түп р-ну, Күрмөнтү айылы – 26. 4. 2007, Бишкек) – физика-математика илимд. доктору (1970), проф. (1972), Кыргыз ССР ИАнын акаде­миги (1989; корр. мүчөсү 1987), КРдин техника ж-а илим жаатында мамл. сыйл. л ауре аты (1992). КРдин илимге эмг. сиң. иш­мери (1991), КМУну (1956), Москвадагы М. В. Ломоносов атн. мам. ун-тинин аспиран­турасын аяктаган (1960). 1960-жылдан Кыргыз ССР ИАнын ФМИсинде (1984- жылдан ФИ) ил. кызмат­кер, лабор. башчысы, дирек­тордун орун басары, 1993-жылдан КР УИАнын вице-президенти, 1997–2007-жылдары президен­ти. Ж. – төмөнкү темп-ралуу плазманын ж-а атомдук спектроскопиянын физикасы б-ча ал­гач респ-када ил. багытты түзгөн белгилүү илим­поз. Анын жетекчилиги м-н Кырг-нда 1-жолу төмөнкү темп-ралуу плазма генератору түзүлүп, эки агымдуу плазматрондор, плазма диагнозун коюу ыкмалары, спектроскопия жолу м-н ана­лиздөө илимде ж-а техникада кеңири колдонул­ган. Радиотехникага өтө керектүү поликристалл­дык заттардын жаңы физ. касиеттери табыл­ган. Кескич аспаптарды чыңдоо, машина м-н механизмдердин тетиктерин жаңыртуу, жасал­ма алмаздарды синтездөө б-ча иштелип чык­кан плазмалык ж-а лазердик технологиялар КМШ өлкөлөрүндө өндүрүшкө ишке киргизил­ген. О. эле кооздоп беттеме курулуш материал­дарын чыгаруу технологиясы да иштелип чык­кан. 300дөн ашык ил. эмгеги, а. и. 9 моногра­фия, 30дан ашык ойлоп табуусу ж-а 9 патент бар. Ж. КР УИАнын президенти катары респ­да ил. иштерди уюштуруу ж-а өнүктүрүүдө көрүнүктүү салым кошуу м-н илимди өнүктүрүү ил.-изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун көтөрүү, илим м-н өндүрүштүн байланышын чыңдоо ж-а ил. кадрларды даярдоо б-ча да арбын салым кош­кон. Моңголия ИАнын ж-а ун-тинин ардактуу доктору, Бүткүл дүйнөлүк инновация фондусу­нун (Лондон) анык мүчөсү, о. эле бир топ өлкөлөрдүн академияларынын, эл аралык коом­дук ил. академиялардын академиги. III дара­жадагы Манас ордени, «Даңк» медалы м-н сый­ланган.


Эмг.: Ламинарный плазматрон (в соавторстве). Ф., 1975; Двухструйный плазматрон (в соавторстве). Ф., 1983; Нанесение плазменных покрытий из прутковых материалов (в соавторстве). Б., 1992; Диагностика низкотемпературной плазмы (в соавторстве). Новоси­бирск, 1994.