ЖЭЭНБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЭЭНБАЕВ Хасан (1902, Ысык-Көл обл., Ысык- Көл р-ну, Бостери айылы – 1937, сөөгү 1992-ж.

Чоң-Таштагы Ата-Бейит көрүстөнүнө коюл­ган) – мамл. ишмер. Балдар үйүндө тарбияла­нып, а. ч. мектебин окуган (1918–19). 1919–21-ж. Кызыл Армиянын катарында кызмат кылган. 1926-ж. Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик ун-тин бүтүргөн. 1926–28-ж. сов. ж-а комсомолдук кызмат­тарда иштеген. 1928–29-ж. Украина КП(б) Кадиев рай­комунун уюштуруу бөлүмү­нүн башчысынын орун ба­сары, 1933–35-ж. Кыргыз АССР ВКП(б) Базар-Коргон райк омуну н с ек рет ары, ВКП(б) Кыргыз обкомунун уюштуруу ж-а а. ч. бөлүмү­нүн башчысы, 2-секретары.

1937-ж. Кырг-н КП(б) БКнын экинчи секретар­лыгына шайланып, ошол эле жылы репрессия­га дуушар болуп, атылып кеткен. 1957-ж. то­лук акталган.