ЖЭЭНБЕКОВ
ЖЭЭНБЕКОВ (мурдагы Т е л ь м а н, Ч о л о к- Т е р е к, К ы р г ы з с т а н) – Жалал-Абад обл-ндагы кыштак. Жалал-Абад ш-нын курамындагы Тайгараев атн. айыл округуна караштуу. Жалал-Абад ш-нан ж-а т. ж. бекетинен 9 км түн.-чыгыш тарапта. Калкы 1210 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, медпункт бар. Кыштак КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Сатыбалды Жээнбековдун урматына аталган.