ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН – түрк элдеринин оозеки чыгармаларындагы чечендик ж-а акылмандык жагынан элдик мүдөөнү туюндурган санжырга­луу каарман. Ж. ч. окуяларынын бир даарын алтай, крым, тобол (түмөн) татарларынан В. В. Радлов жазып алып (19-к.) жарыялаган. Көпчүлүк иликтөөчүлөр анын чындыгын так­тоого аракеттенгендигине карабастан, чечендин өмүр баяны, ата-теги ж-дө так маалымат жок. Ал калк оозунда сөзгө устат, чечен, кара кыл­ды как жарган калыс, жандуунун гана эмес, жансыздын да дилин, тилин түшүнгөн олуя, болжолу Жаныбек хандын ордосунда кеңешчи болуп кызмат өтөгөн акылман, кара өзгөй хан­дын каарына калып, куугунтукка алынган та­рыхый инсан катары сүрөттөлөт. Кыргыз фоль­клору б-ча Ж. ч. Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Толубай сынчынын замандашы болгон. Ж. ч-дин сөзгө чеберлиги, айлакердиги бала кезинде эле байкалган. Ал анын тоо элинен элчиликке ба­рып, хандын бир дооматына чукугандай сөз таап, өз элин бүлгүнчүлүктөн куткарып калган­дыгынан ачык көрүнөт. Ж. ч. окуялары көп катмарлуу. Анда шарттуу түрдө чыгарманын түзүлгөн аймагы ж-дө маалымат берилген. Бир учурда окуянын түзүлгөн орду катарында Сыр (Сыр-Дарыя) бою көрсөтүлсө, экинчи маалымат­та Кыпчак талаасындагы (Дешт-и-Кыпчак) Жа­ныбекти баласы Бердибек (бир кабарда иниси) өлтүрүп, ордуна хан болуп, «түрк балдары» кол­доого алышы сыяктуу тарыхый окуялар чагыл­дырылат. Ж. ч. нускалуу сөздөрү м-н калктын көркөм табитинен кеңири өңүт алып, кылым аралап өчпөй келе жатат.


Ад.: Радлов В. В. Образцы народной литературы северных тюркских племён. СПб. (1886–1872–1906), Ч. I, IV, VII; Казак ертегилери. Алматы, 1962. Т. I, III; Кыргыз эл жомоктору. Ф., 1975; Потанин Г. Н. Очерки Северо-Западной Монголии. – Вып. II. 1881; Кебекова Б. Кыргыз-казак фольклордук байланышы. Ф., 1982; КР УИАнын Кол жазмалар фонду, инв. ¹809, 378, 5516, 1640, 1021 ж. б. Б. Кебекова.