ЗАРАУТ-САЙ СҮРӨТТӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАРАУТ-САЙ СҮРӨТТӨРҮ – Өзбекстандагы Зараут-Сай д-нын оң жээгиндеги коңулда аска бооруна минерал боёк м-н тартылган байыркы сүрөттөр. 1940–45-ж. археолог Г. В. Парфёнов изилдеген. З.-C. с-нүн эң байыркысы орто таш дооруна (мезеолит) таандык. З.-С. с-ндө байыркы

Аңчылык кылуу. Дубалга тартылган мезолит же неолит д о ор ун а т а а нд ы к сүрөттөр. Өзбекстан.


адамдардын жапайы жаныбарларга (бука, те­ке) аңчылык кылуу учуру чагылдырган. З.-С. с. алгачкы коомдун адамдарынын чарбалык тур­мушу, диний ишенимдери ж-а иск-восунан ка­бар берет. З.-С с. Кырг-ндагы Ак-Чуңкур үңкү­рүндө табылган таш доорунун сүрөттөрүнө уба­кыт жагынан мезгилдеш келет.


Ад.: Рогинская А. Зараут-Сай. М.; Л., 1950; Фор­мозова А. А. Очерки по первобытному искусству. М., 1969.