ЗАРДОБУКА СЫМАП КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАРДОБУКА СЫМАП КЕНИ Ош обл-нын Кара- Кулжа р-нунда, Чыгыш Алайдын Тоголок-Таш тоосунун кырында, Көк-Суунун баш жагын­да, деңиз деңг. 3850–4070 м бийиктикте. 1970– 72-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы меридиан багытындагы тик жарака м-н үзүлүп, төмөнкү-ортоңку девондогу жанартоо-терриген тектери м-н жабылган антиклиналдык бүктө­лүүгө дуушар болгон силур м-н төмөнкү девон­дун акиташ тектери түзөт. Кенташ эффузия ж-а акиташ тектеринин кошулган жериндеги жаракалуу зона м-н туташ жаткан акиташ те­гинин оң тилкесине (туурасы 50–200 м) топтол­гон. Штокверк, жарака ж-а уя сымал кенташ тулкуларынын калыңдыгы 5–25 м, уз. 100 мге чейин. Кенташ жалаң киновардан ж-а нукура сымаптан турат. Сымаптын өлчөмү бардык жер­де бирдей эмес, орточосу – 0,58%. Кендин 20 м тереңдикке чейинки эсептелген запасы 1213 т.