ЗАРИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАРИ́НА (б. з. ч. 4-к-дын аягы – 3-к-дын ба­шы) – байыркы сак урууларынын падышасы. З. ж-дө байыркы тарыхчылар Ктесий (б. з. ч. 5–4-к.), Диодор (б. з. ч. 90–21-ж.) баян кылыш­кан. Анда Парфия үчүн сактар м-н согушуп жаткан Мидия падышасы Стриангия З-ны жа­радар кылганын, о. эле З-нын акылман, эр­жүрөк, сулуулугу ж-а сактардын жерине көз арткан далай падышаларды жеңип, көптөгөн шаарларды курганы айтылат. Орус тарыхчысы В. Н. Татищев (1686–1750) өзүнүн сөздүгүндө З-нын алтындан жасалган эстелиги бар экенин эскерген.


Ад.: Пьянков И. В. Средняя Азия в известиях ан­тичного историка Ктесия. Душ., 1975.