ЗЕЛЬДОВИЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕЛЬДО́ВИЧ Яков Борисович [23. 2(8. 3). 1914, Минск – 2. 12. 1987, Москва] – орус физик-тео­ретиги; күйүү, детонация ж-а согуу толкундары­нын азыркы теориясына негиз салуучулардын бири ж-а ил. мектепти түзүүчү. СССР ИАнын академиги (1958; корр. мүчө, 1946), үч жолу Соц. Эмг. Баатыры. СССР ИАнын Хим. физика ин­тунда (1931), Колдонмо матем. ин-тунда (1964) иштеген. ММУда проф. (1966-жылдан). Физи­ка, химия, астрофизика, элементардык бөлүкчө­лөр теориясы, ядролук физиканын тармакта­ры б-ча маанилүү изилдөө­лөрдү жүргүзгөн. 1939–41-ж. орус физиги Ю. Б. Харитон м-н бирге биринчи болуп урандын уланма реакция­сын эсептеп чыгууну жүзөгө ашырган. Сов. ядролук ку­ралды чыгарууга катышкан. Лениндик сыйл. (1957), СССР мамл. сыйл. (1943, 1949, 1951, 1953) лауреаты.

Беш Ленин, башка ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.


Ад.: Знакомый, незнакомый Зельдович в воспоми­наниях друзей, коллег, учеников. М., 1993.