ЗЕЛЬДОВИЧ
ЗЕЛЬДО́ВИЧ Яков Борисович [23. 2(8. 3). 1914, Минск – 2. 12. 1987, Москва] – орус физик-теоретиги; күйүү, детонация ж-а согуу толкундарынын азыркы теориясына негиз салуучулардын бири ж-а ил. мектепти түзүүчү. СССР ИАнын академиги (1958; корр. мүчө, 1946), үч жолу Соц. Эмг. Баатыры. СССР ИАнын Хим. физика интунда (1931), Колдонмо матем. ин-тунда (1964) иштеген. ММУда проф. (1966-жылдан). Физика, химия, астрофизика, элементардык бөлүкчөлөр теориясы, ядролук физиканын тармактары б-ча маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 1939–41-ж. орус физиги Ю. Б. Харитон м-н бирге биринчи болуп урандын уланма реакциясын эсептеп чыгууну жүзөгө ашырган. Сов. ядролук куралды чыгарууга катышкан. Лениндик сыйл. (1957), СССР мамл. сыйл. (1943, 1949, 1951, 1953) лауреаты.

Беш Ленин, башка ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Знакомый, незнакомый Зельдович в воспоминаниях друзей, коллег, учеников. М., 1993.