ЗИГОМИЦЕТТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗИГОМИЦЕТТЕР (Zygomycetes) – козу карын­дар классы. Көп ядролуу, клеткасыз мицелийи жакшы өөрчүгөн. Айрымдарынын таллому жакшы өөрчүгөн көп ядролуу мицелийден ту­рат. Клетка кабыгын хитин ж-а хитозан түзөт. Жыныстык көбөйүү кыймылсыз споралар ар­кылуу ишке ашат. Алардын жыныс процесси – зигоспораны пайда кылуучу зигогамия (аты ошондон). Жыныссыз көбөйүү органы морфол. жактан ар түрдүү (систематикалык белгиси). Кыймылсыз споралар спорангийде (эндоген­дик) жайгашат, кээде спора экзогендик – кони­дияларда өөрчүйт. З-дин 4 катарга кирген 500дөн ашык түрү кеңири таралган. Сапрофиттер, о. эле мителери да бар. Кээ бир түрү микробиол. ж-а тамак-аш ө. ж-нда, зыяндуу курт-кумурскаларга каршы күрөшүүдө пайдаланылат.